Кенияда холера эпидемиясында эки киши каза болду

50гө жакын кишинин да холера белгилери менен ооруканага жаткырылгандыгы, вирус аныкталган 11 кишинин дарыланып жаткандыгы белгиленди.

919499
Кенияда холера эпидемиясында эки киши каза болду

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда 50гө жакын кишинин да холера белгилери менен ооруканага жаткырылгандыгы, вирус аныкталган 11 кишинин дарыланып жаткандыгы белгиленди.

Холера эпидемиясы чыккан айылда вирустан таасирленген кишилердин бир тобунда кусуу, баш оорусу, жүрөк айлануу жана алсыздыктын көрүлгөндүгү билдирилди. Эпидемиянын эмнеден чыккандыгы изилденип, саламаттык сактоо кызматкерлеринин аймактагы суу кудуктары менен айылдын жакынынан өткөн бир дарыяда изилдөө жүргүзүп, суу үлгүлөрү алынгандыгы белгиленди.

Кениянын Гарисса жана Тана Ривер аймактарында 18 -  февралда чыккан холера эпидемиясынан улам 8 киши каза болуп, 290дон ашуун киши да ооруканага жаткырылган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык 2017 -  жылдын башынан бери холера оорулууларына кездешилген Кенияда өткөн жылы Наироби жана Гарисса аймактарында жалпы 1216 холера оорулуусу билдирилип, эпидемияга тушуккан 14 киши каза болгон.

 



Тектеш кабарлар