Таиландда шайлоо кечеңдетилди

Хунта лидери, премьер  - министр Прайут Чан-оча 2014 -  жылдагы аскердик соккудан кийин өткөрүлө албаган шайлоонун февраль айында өткөрүлөрүн айтты.

919481
Таиландда шайлоо кечеңдетилди

Таиландда аскердик хунта башкаруусу ноябрь айында өткөрүлүшү пландалган шайлоонун 2019 – жыл февраль айына кечеңдетилгендигин билдирди. Хунта лидери, премьер  - министр Прайут Чан-оча 2014 -  жылдагы аскердик соккудан кийин өткөрүлө албаган шайлоонун февраль айында өткөрүлөрүн айтты.

Чан – оча өлкөдөгү саясий шарттарга карата шайлоо күнүндө дагы бир жолу өзгөртүүнүн болушу мүмкүн экенин да белгиледи. Хунта башкаруусу соккудан бери жарандык башкарууга кайтуунун алдын ача турган жалпы шайлоо үчүн бир топ жолу күн бергендигине карабастан ар жолкусунда түрдүү шылтоолор менен шайлоону кечеңдетти.

Саясий байкоочулар армия колдогон саясий партиялардын шайлоодо жеңиш менен чыгарына ишенгенге чейин башкарууну таштабай тургандыгын жактап жатат.

 



Тектеш кабарлар