БУУнун Иранга багытталган токтом долбоорун Орусия вето кылды

Долбоор 11 өлкөнүн колдоосун алганына карабастан туруктуу мүчө Орусиянын ветосунун себебинен кабыл алынган жок.

918944
БУУнун Иранга багытталган токтом долбоорун Орусия вето кылды

Орусия, БУУнун Йеменге карай курал эмбаргосун Ирандын бузганынан тынчсыздануулар сөз кылынган БУУнун коопсуздук кеңешинин токтом долбоорун вето кылды.

Англия тарабынан даярдалган жана БУУнун коопсуздук кеңешинде добушка салынган долбоорго Орусия менен катар убактылуу мүчөлөрдөн Боливия да каршы добуш берсе, Кытай жана Казакстан калыс добушун беришти.

Долбоор 11 өлкөнүн колдоосун алганына карабастан туруктуу мүчө Орусиянын ветосунун себебинен кабыл алынган жок.

Англия тарабынан даярдалган жана АКШ тарабынан колдоого алынган алгачкы долбоор Йеменде хусилерге ракета жана курал камсыздап БУУнун санкцияларын бузганы менен күнөөлөнгөн Ирандын айыпталышын талап кылган, бирок Орусиянын каршы чыгуусунун себебинен сүйлөшүүлөрдөн кийин долбоордон «айыптоо» сөзү чыгартылып салган. Добушка салууга сунушталган долбоордо Йеменге киргизилген курал эмбаргосун Ирандын бузганы боюнча санааркоолорго орун берилген.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия, Англия сунуштаган «тууралыгы далилденбеген» аймакта чыңалуунун артышына себеп боло турган «коркунучтуу» айтымдарды камтыган долбоорду кабыл албай тургандарын айтты.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли болсо билдирүүсүндө, «БУУнун коопсуздук кеңешинин Сирияда варвар Асад режимине каршы кыймылга өтүлүшүнө ар дайым тоскоол болгон» Орусиянын эми болсо Йеменге багытталган курал эмбаргосун бузган Иранга карай чаралар көрүлүшүнө тоскоол болгонун белгилеп өттү.

Хейли: «Орусия, Ирандын коркунучтуу жана ырааттуулукту бузган кыймылдарына карабастан вето күчүн колдоно турган болсо, АКШ жана шериктештери Орусия бөгөт боло албай турган чараларды көрөт»,-деп айтты.

Бул долбоорду вето кылган Орусия, Кеңеште өзүнүн атаандаш долбоорун добушка салууга сунуштады.

Ирандан сөз кылбаган бирок Йеменде хуси лидерлерине ишке ашырылган курал эмбаргосунун жана санкциялардын текшерилиши менен рапорттолушу боюнча жооптуу комиссиянын кызмат мөөнөтүнүн 2019-жылдын 26-февралына дейре узартылышын талап кылган токтом, кабыл алынды.

БУУнун санкция комитети акыркы отчетунда Ирандын баллистикалык ракеталар, аскердик шаймандар жана учкучсуз учуучу аппарат технологиясы менен катар Ирандын куралдарынын Йемендеги хуси согушкерлеринин колуна өтүшүнө бөгөт боло албагандарын билдирген.



Тектеш кабарлар