Дональд Трамп Асад режими, Орусия, Ирандын жасагандарын маскарачылык деп мүнөздөдү

Трамп Ак үйдө тосуп алган австралиянын премьер  - министри Малкольм Тернбулл менен биргелеше пресс  - жыйын өткөрдү.

917247
Дональд Трамп Асад режими, Орусия, Ирандын жасагандарын маскарачылык деп мүнөздөдү

АКШнын президенти Дональд Трамп  Сириянын Чыгыш Гута аймагында Асад режими, Орусия жана Ирандын акыркы мезгилде жасагандарынын адамзаттык маскарачылык экендигин айтты.

Трамп Ак үйдө тосуп алган Fвстралиянын премьер  - министри Малкольм Тернбулл менен биргелеше пресс  - жыйын өткөрдү. Трамп Сирия жана Чыгыш Гутадагы акыркы абал тууралуу берилген суроого : «Чыгыш Гутада Асад режими, Орусия жана Ирандын ал жерде жасагандары бир маскарачылык. Бирок АКШнын ал жерде болушунун   максаты ДЕАШты жок кылуу жана жана үйгө кайтуу, башка бир максат менен ал жерде эмеспиз. Муну да маанилүү өлчөмдө аткардык бирок бул үч өлкөнүн ал жердеги элге жасагандары  маскарачылык»,- деп жооп берди.

Чыгыш Гутадагы Жарандык коргоо борборунан алынган маалыматка караганда режимдин катуу кол салууларында акыркы 4 күндө каза болгондордун санынын 334кө жеткендиги билдирилген болчу. Режимдин акыркы 4 күндө 22 саламаттык сактоо борборун, бир мечитти жана бир балдар үйүн бутага алгандыгы белгиленген болчу.

Оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы Чыгыш Гутада 400 миңге жакын жаран жащайт.

Чыгыш Гута Астана келишимдеринде келишпестиктерди азайтуу аймагы деп жарыяланган бирок Орусиянын кепилдигин алган Асад режими апрель айынан баштап аймакка карата блокадасын бекемдеп жана акыркы айларда кол салууларын күчтөндүрдү.

Адамзаттык кризис тереңдеген аймакта миңдеген чукул жардам күткөн оорулуу аймактан чыгууну күтүүдө. Булардын көпчүлүгү балдар же оорлошкон рак оорулуулары.

Чыгыш гуталык көп сандаган бөбөк жана балдар ачкачылык жана дарысыздыктан каза болду.



Тектеш кабарлар