Иранда куш тумоосу вирусу

Ирандын борбор шаары Тегеранда жогорку деңгээлде жугуштуу  H5N8 куш тумоосу вирусу аныкталды.

911965
Иранда куш тумоосу вирусу

Ирандын борбор шаары Тегеранда жогорку деңгээлде жугуштуу  H5N8 куш тумоосу вирусу аныкталды. Иран расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарына караганда саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу оорулар борборунун төрагасы Мухаммед Мехди Гуя Тегерандын түндүк  - батышындагы Читгер көлүнүн айланасында өлгөн кээ бир жапайы канаттуларда жогорку деңгээлде жугуштуу  H5N8  вирусунун аныкталгандыгын айтты.

Мындай вирустун адамдарга жукпай тургандыгын айткан Гуя муну менен бирге вирустун өзгөрүү менен коркунучка жол ачуу потенциалынын бар экендигин белгиледи. Иранда акыркы мезгилде куш тумоосу оорулууларында артуу болгон болчу.

Гилан аймагынын ветеринардык башкы директору Сухраб Акыбети шейшемби күнү берген маалыматында адамдарга жугуу коркунучу бар H5N6 вирусунан улам жалпы аймакта 1260 канаттуунун жок кылынгандыгын айткан.

Тегеран тоок жана жумурткачылар биримдигинин төрагасы Насыр Небипур да дүйшөмбү күнү өлкөдө ортого чыккан акыркы куш тумоосу оорулууларынан улам 25 миллионго жакын канаттуунун жок кылыгандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар