Түштүк Корея Түндүк Кореянын делегациясынын чыгымдарын көтөрмөй болду

Түштүк Корея өлкөдө өтүп жаткан Пхенчхан-2018 кышкы Олимпиада оюндарына катышкан Түндүк Корея делегациясынын чыгымдарынын камсыздалышы үчүн өкмөт фондунун колдонулушун бекитти.

910665

«Йонхап» маалымат агенттигинин кабарына караганда Түштүк жана Түндүк биржасы жана кызматташтыкты шыктандыруу кеңеши, Пхеньяндын Олимпиада тобунун счет-фактураларын төлөш үчүн өкмөт бюджетинен 2,86 миллиард вон (орто эсеп менен 2,64 миллион доллар) төлөнүшүн кабыл алды.

Бул фонд менен Олимпиадага

катышууга келген делегациядагы түндүк кореялык ырчы, амиголор жана тхэквондо көрсөтүүчү тобунун чыгымдарынын камсыздала турганы белгиленди.

Түштүк Кореянын Биригүү боюнча министрлигинин жарыясында, «Фонд менен Түндүк Корея делегациясынын Түштүк Кореяга сапары жана Түндүк менен Түштүктүн ортосундагы маданий кызматташтык проекттеринин аткарылышы үчүн материалдык колдоо көрсөтүлүшү максатталууда»,-деп жазылган.

Анда Түндүк Кореянын март айында Пхенчхандагы паралимпиадалык оюндарга катышуусунун каржыланып каржыланбай турганынын мындан кийин боло турган жыйналыштарда белгилене турганы маалымдалды.

Тектеш кабарлар