Рекс Тиллерсон Кувейтте

Тиллерсон Булуң өлкөлөрүнө чакырык салды.

910280
Рекс Тиллерсон Кувейтте

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, Булуң аймагында биримдиктин кайрадан камсыздалышынын аймактагы бардык тараптардын кызыкчылыктарына жооп берээрин белгиледи.

Кувейтте өткөрүлгөн террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүү боюнча Эл аралык коалициянын тышкы иштер министлеринин жыйынынын алкагында маалымат берген Тиллерсон, 2017-жылдын июнунан бери уланып келе жаткан Булуң кризисине байланыштуу: «Булуң биримдигинин кайрадан камсыздалышы, аймактагы бардык тараптар үчүн пайдалуу болот»,-деди.

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египет башкаруучулуктарынын 2017-жылдын 5-июнунда Катар менен бардык дипломатиялык алакаларын токтотушу Булуң аймагында кризис жараткан болчу.



Тектеш кабарлар