Гамбиянын президенти Анкарада

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Исмаил Кахраман расмий сапар менен Анкарага келген Гамбиянын президенти Адама Барроу менен жолугушту.

910360
Гамбиянын президенти Анкарада

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Исмаил Кахраман расмий сапар менен Анкарага келген Гамбиянын президенти Адама Барроу менен жолугушту. Делегацияны Түркия Улуттук Парламентинде тосуп алуудан ыраазы болгондугун билдирген Кахраман : «Гамбия биздин дос жана бир тууган өлкөбүз»,- деди.

Гамбиянын президенти Барроу да биринчи жолу Түркияга келгенден ыраазы экендигин айтты. Президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга келгендигин белгилеген Барроу чакырууга абдан чоң маани бергендигин айтты. Барроу бир жыл мурда президенттик кызматка келгендигин айтып : «Бул сапар биз үчүн абдан чоң  мүмкүнчүлүк деген мааниге келүүдө. Абдан кыйын бир жыл өткөрдүк. Шайлангандан кийин Түркия мени куттуктаган биринчи өлкө болду. Ошондуктан абдан бактылуумун. Түркия менен орток жактарыбыз бар. Түркия менен Гамбия кызматташуу менен дүйнөнү дагы жакшы бир абалга алып келүү үчүн иштейт»,- деди. Жолугушууда саламаттык сактоо министри Ахмет Демиржан Түркия  - Гамбия достук группасынын төрагасы Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Килис депутаты Решит Полат Түркия Улуттук Парламентинин башкы секретары Мехмет Али Кумбозоглу да катышты.



Тектеш кабарлар