Франциянын борбор шаары Парижде жаңы жылдан бери 18 үй  - жайсыз киши каза болду

Париж губернаторлугу ашыкча сууктан улам куралган 3 миң 682 кишилик чукул баш калалоо борборуна 1691 орундуктун кошулгандыгын жарыялаган болчу.

910325
Франциянын борбор шаары Парижде жаңы жылдан бери 18 үй  - жайсыз киши каза болду

 

Үй – жайсыздарга жана көчөдө жашагандарга колдоо берген коом «Көчөнүн өлүүлөрү коллективи» тарабынан берилген маалыматта Париж жана чет жактарында жаңы жылдан бери 18 кишинин көчөдө каза болгондугу билдирилди. Ээсиз  жана өмүрүн көчөлөрдө өткөргөн кишилердин саламаттыгы тууралуу маалымат бөлүшүүнү максат кылган коомдун билдирүүсүндө каза болгон 18 кишинин бир гана өздөрүнө билдирилген каза болгон киши саны экендиги, чыныгы сандын абдан көп болушу мүмкүн экендиги белгиленди.

Францияда акыркы бир айдан бери болуп жаткан сууктан улам көчөдө жашагандардын абдан чоң коркунуч астында экендиги белгиленди. Париж губернаторлугу ашыкча сууктан улам куралган 3 миң 682 кишилик чукул баш калалоо борборуна 1691 орундуктун кошулгандыгын жарыялаган болчу.

Президент Эммануэль Макрон өткөн жайда берген маалыматта : «2017 – жылдын акырына чейин көчөдө жашаган эч ким калбайт»,- деп убада берген.

Бейшемби күнү кечинде «Тилектештик кечеси» деген ат менен түзүлө турган бир эмгек менен 1700 ыктыярдуу  борбор шаар Париждеги көчөлөрдү текшерүү астына алып үйсүздөрдүн санын белгилөөгө аракет кылат.

Париждин 350 мааласында автобус жана метро аялдамалары, көпүрө асты же кароосуз калган имараттар менен поезд станцияларын кыдыра турган ыктыярдуулар кездешкен үйсүздөр менен сүйлөшүп жаш, саламаттыгы жана үй – бүлөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыган форумду толтурушат.

Париж мэри муну менен шаардагы үйсүздөр белгиленип так чаралардын көрүлүшүнүн максат кылынгандыгын билдирди. Францияда акыркы болуп 2012 -  жылкы изилдөөдө 143 миң кишинин көчөдө жашагандыгы аныкталды.

Социалдык жардамдашуу жана тилектештик коомдору болсо бул сандын төмөн көрсөтүлүүгө аракет кылынгандыгын ортого салып кайрадан санак баштоого чакырды.



Тектеш кабарлар