Cириялык оппозициячылдар 400 ДЕАШ террористти туткунга алды.

«Басып алуучуларды жок кылуу» деп аталган орток операция кабинетин курган сириялык 12 оппозициячыл топ Идлибде алдыга жылууга аракет кылган ДЕАШты токтотту.

910230
Cириялык оппозициячылдар 400 ДЕАШ террористти туткунга алды.

Сириялык оппозициячылдар  Асад режими ачкан коридор менен Идлиб келишпестиктерди азайтуу аймагына кирүүгө аракет кылган террордук уюм ДЕАШ менен кагылышууларда 400 террористти туткунга алып, көпчүлүгүн жок кылды.

«Басып алуучуларды жок кылуу» деп аталган орток операция кабинетин курган сириялык 12 оппозициячыл топ Идлибде алдыга жылууга аракет кылган ДЕАШты токтотту. Оппозициячылдар Идлибдин түштүк жана чыгыш жактарында көп сандаган ДЕАШ террорист жок кылынды.

Оппозициячылдар курган орток операция кабинетинин катчысы Нажи Эбу Хузейфе Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактардан Идлибге карай алдыга жылууга аракет кылган ДЕАШка каршы баштаган операциянын улантылып жаткандыгын айтты.

Эбу Хузейфе Идлибдин түштүк жана чыгыш элетинде 400 ДЕАШ террористти туткунга алгандыгын, алардан 80 террористтин жаралуу экендиги билдирилди. Эбу Хузейфе Идлибдин түштүк – чыгыш элетиндеги Ум Халахил Хувейин жана Арб Зерзур айылдарын да колго алышкандарын белгиледи.

Эбу Хузейфе кагылышууларда Идлибге кире албаган жана оор жоготууга учураган ДЕАШтын таркай баштагандыгын, буйрук чынжырын жоготкон террористтердин жеке кыймыл кыла баштагандыгын айтты.

Асад режими жана ДЕАШ террордук уюму бир канча убакыттан бери Сириянын Идлиб келишпестигин азайтуу аймагында оппозициячылдарга каршы алдыга жылуу үчүн тактикалык кызматташтык түзүүдө.

Режим октябрь айында Хаманын чыгышындагы Хунайфис аймагынан ДЕАШ террористтерине жол ачып, Идлибде оппозициячылдардын жана режимге каршы куралдуу топтордун текшерүүсү астындагы аймактарга өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн.

Террордук уюм 30 километр узундуктагы коридор аркылуу Идлибдин ичине кирип Дерибийе жана Ниха айылдарына жайгашкан. Режим менен ДЕАШ Идлибдин түштүк  - чыгышына карай алдыга жылып Орусия оппозициячылдарга каршы абадан колдоо берген.



Тектеш кабарлар