БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Түндүк Кореянын парламент башчысы менен жолугушту

Антонио Гутерреш кышкы олимпиадалардын ачылуу аземине катышуу үчүн барган Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында Түндүк Кореянын парламент башчысы Ким Ен нам менен жолугушту.

907668
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Түндүк Кореянын парламент башчысы менен жолугушту

 БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш кышкы олимпиадалардын ачылуу аземине катышуу үчүн барган Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында Түндүк Кореянын парламент башчысы Ким Ен нам менен жолугушту.

БУУнун башкы катчысынын пресс – секретары Фархан Хак күнүмдүк басма сөз брифингинде Гутеррештин жолугушууда Корея жарым аралында ядролук куралсызданууну тынчтык жолу менен чечүү жолунун табылышы үчүн бардык тараптардын диалог курушун күтүп жатышкандарын Кимге билдиргендигин айтты. Эки жылдан бери дипломатиялык карым – катнаштары болбогон Түштүк Корея менен Түндүк Корея спортчуларынын ачылуу аземинде бир желек астында жүрүшү жана олимпиадаларда биргелешкен аялдар хоккей командасын түзүү тууралуу келишкен.

Пхенчхандагы кышкы олимпиадаларынын ачылуу аземине Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Ен  андын карындашы Ким Йо  жонг менен АКШнын вице  - президенти Майк Пенс да катышты.



Тектеш кабарлар