Путин - Рухани сүйлөшүүсү

Орусиянын мамлекет башчысы В. Путин менен Ирандын президенти Хасан Рухани Ирандын ядролук программасын сүйлөшүштү.

904822
Путин  - Рухани сүйлөшүүсү

Орусиянын мамлекет башчысы В. Путин менен Ирандын президенти Хасан Рухани телефон аркылуу Сирия жана Ирандын ядролук программасын сүйлөшүштү.

Кремлдин  басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Сириядагы абалга баа берген Путин менен Рухани сүйлөшүүдө Орусия, Иран жана Түркиянын ортосунда Астана процесстине байланыштуу жүргүзүлгөн ийгиликтүү кызматташтыгын белгиледи.

Орусиянын Сочи шаарында өткөн айда өткөрүлгөн Сирия улуттук диалог конгрессине да баа берген эки лидердин конгрессте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 номердүү чечиминин негизинде  бирдей пикирде экендери белгиленди.

Путин менен Рухани сүйлөшүүдө Ирандын ядролук программасынын тегерегиндеги маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн «Кенен масштабдуу орток кыймыл планы» келишимине баш ийишерин да  тактады.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта да тышкы иштер министри Сергей Лавров менен ирандык кесиптеши Жевад Зарифтин телефондо сүйлөшкөндөрү белгиленип, эки министрдин Сирия Улуттук Диалог Конгресси менен Казакстанда өткөрүлө турган «Бешинчи Каспий саммитине» карата даярдыктарды карап чыгышкандары баса белгиленди.



Тектеш кабарлар