Иордания Ирактын ырааттуулугуна колдоо көрсөттү
Иорданиянын тышкы иштер министри Еймен ес – Сафеди Ирактын коопсуздугунун аймактын ырааттуулугу үчүн маанилүү экендигин айтты.
Иорданиянын тышкы иштер министри Еймен ес – Сафеди Ирактын коопсуздугунун аймактын ырааттуулугу үчүн маанилүү экендигин айтты. Тышкы иштер министри Сафеди БУУнун Ирак атайын өкүлү Жан Кубис менен борбор шаар Амманда жолугушту. Жолугушууда Ирактын ырааттуулугу жана аймак өлкөлөрүндө болуп жаткан маселелерге байланыштуу пикир алышууларда болушту.
Ирактын ДЕАШ террордук уюмга каршы күрөштө жеңишке жетишкендигине көңүлдөрдү бурган Сафеди : «Эл аралык коом өлкөнүн кайрадан курулушунда Иракты колдошу керек. Ирактын коопсуздугу аймактын ырааттуулугу үчүн маанилүү»,- деди.
Министр Садеф биримдик ичинде коопсуз жана ырааттуу бир мекенде бардык ирактыктардын укуктарын кепилдикке алган мекендештиктин негизине таянган мамлекет түшүнүгүнүн ишке ашышы үчүн аракет кылган өкмөттү да колдоого алууга мажбур экендигин баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Индияда 46 адам сууга чөгүп каза болду
Бийлик өкүлдөрү дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштеринин уланып жаткандыгын маалымдашты.
Макрон-Зеленский жолугушуусу
Макрон: "Украинанын коопсуздугу Европанын коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү" деди.