Нидерландияда 6 миң жылдык бөбөк сөөгү табылды

Нидерландиянын Утрехт шаарына караштуу Ньювегейн районунда 6 миң жылдык сөөктүн бир бөбөккө таандык экендиги билдирилди.

900162
Нидерландияда 6 миң жылдык бөбөк сөөгү табылды

Нидерландиянын Утрехт шаарына караштуу Ньювегейн районунда 6 миң жылдык сөөктүн бир бөбөккө таандык экендиги билдирилди.

Археологиялык мурасынын сакталышы жана маданият тарыхы эмгектерин жүргүзгөн иликтөө жана кеңешүү бюросу Раап тарабынан берилген маалыматта өткөн жылы жүргүзүлгөн казуу иштеринде ортого чыккан жана 6 миң жылдык экендиги болжолдолгон жаш бир аялдын скелетинин колунда сөөктөрдүн бар экендиги белгиленди.

Жаш аялдын сол колунун түз, оң колунун ийри турушунун көңүлдөрдү бурушу менен бир жылга жакын иликтөөнүн жүргүзүлгөндүгү белгиленген малыматта натыйжада аялдын колундагы сөөктөр, баш сөөгү, тиш жана жаак сөөктөрүнүн 0 – 6 айлык балага таандык экендигин аныкташкандары жарыяланды.

Маалыматта  жер астында бат эле чирип калгандыктан археологдордун жалпысынан балдардын сөөктөрүн таба албагандыгы баса белгиленип, 6 миң жылдык бөбөктүн сөөгүнүн теңдеши жок табылга экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар