Дмитрий Песков АКШнын Кремль отчетуна каршы чыкты

Путин тизмеде ысмынын болбогондугу тууралуу «капа болдум» деди.

900119
Дмитрий Песков АКШнын Кремль отчетуна каршы чыкты

Орусиянын мамлекет башчысы В. Путин АКШнын Кремль отчетун эки өлкөнүн карым – катнаштарын кыйын абалга алып келген жана эл аралык карым – катнаштарга зыянын тийгизген  документ катары мүнөздөдү. Путин тизмеде ысмынын болбогондугу тууралуу «капа болдум» деди.

Орусия  АКШнын  Кремль  отчетунун «душман сыяктуу мамиле» деп мүнөздөдү. Кремлдин катчысы Дмитрий Песков АКШнын казына министрлиги тарабынан даярдалып Конгресске сунушталган жана орус  өкмөт жетекчилерине жогорку деңгээлдеги ишкерлерге жана Кремлге  жакын бир топ ысымга санкция  кылуу сунушун камтыган Кремль очтетуна баа берди.

Вашингтон жарыялаган отчетту кенен түрдө иликтешерин айткан Песков : «Орусиянын президенти В. Путин да отчетко байланыштуу жетекчилер менен бүгүн сүйлөшүү өткөрөт»,- деди.

Отчеттун Орусияга карата «душман катары» мамиленин биринчиси эмес экендигин : «Бирок бул жазууну жана темасын окусаңыз булардын баарынын «Американын душмандарына каршы чыгуу» үчүн жазылгандыгын көрөсүздөр. Отчетто  орун алган бардык кишилер Вашингтон тарабынан душман катары жарыяланды»,- деп мүнөздөмө берди. Песков өз атынын да тизмеде орун алышы ойлондурбагандыгын айтты. Орус оппозициячыл активист жана «Коррупция менен күрөшүү фондунун» куруучусу Алексей Навальный болсо  АКШ тарабынан даярдалган тизменин «мыкты тизме экендигин» жактап : «Бул кишилердин эл аралык деңгээлде расмий түрдө алдамчы жана ууру катары таанылышына кубандым»,- деди.

АКШнын казына министрлиги Орусиянын премьер  - министри Дмитрий Медведов, тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу, Кремлдин катчысы Дмитрий Песков менен бирге көп сандаган министрди, депутатты, башкаруучуларды жана мал  - мүлкү 1 миллиард доллардан ашуун болгон көп сандаган ишкердин аттары орун алган 210 ысым болгон Кремль отчетун кечээ АКШ конгрессине сунуштаган. Документте бул ысымдардын санкциялар тизмесинде жок экендиги, азыркы учурда кандайдыр бир чектөөнүн болбогондугу да баса белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар