Аракандык мусулмандардын үйлөрү өрттөнүүдө

Араканда 1970 -  жылдарда 2 миллионго жакын мусулмандын жашап жаткандыгы болжолдолуп, эл  системалуу кол салуулардан качкандыктан бул сан 350 миңден азайган.

896136
Аракандык мусулмандардын үйлөрү өрттөнүүдө

Аракандык мусулмандардын үйлөрүнө кайтуу процессине байланыштуу баш  - аламан кабарлар келип  жаткан бул күндөрдө Араканда мусулмандарга таандык үйлөрдү өрттөнүн улантылып жаткандыгы ортого чыкты.

Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда Араканда мусулмандарга карата күч колдонуу токтой элек. Булактар аймактагы күч колдонуу окуялары башталган жер болгон жана мусулмандар көп болуп жашаган Маунгдаудагы кээ бир айылдарда үйлөрдү өрттөөнүн улантылып жаткандыгын билдирди. Бангладеш башкаруусу аракандык мусулмандардын жерлерине кайтышы үчүн бат – бат чакыруу салып жаткан. Ушунун негизинде Мьянма жана Бангладеш өкмөттөрүнүн ортосунда 23 – ноябрда бир келишимге кол коюлган болчу.

Келишим боюнча Мьянмага кайтууну каалагандар Бангладешке өткөндөн мурда Мьянмада жашагандарына байланыштуу документти көрсөтүүгө мажбур болушса да 1982 -  жылы жарандык укуктары колунан алынган аракандык мусулмандардын Мьянмада каттоолорунун болбошу олуттуу маселе жаратууда. Келишимде Бангладешке өткөн аракандык мусулмандарга бул өлкөдө берилген документтердин да Мьянма өкмөтүнүн «бекитүү» процессинен өтүшү керектиги белгиленүүдө.

БУУнун берген акыркы маалыматка ылайык 25 -  августтан бери Мьянмадагы абалдардан качкан 655 миң аракандык мусулман Багладешке баш калкалады. Араканда 1970 -  жылдарда 2 миллионго жакын мусулмандын жашап жаткандыгы болжолдолуп, эл  системалуу кол салуулардан качкандыктан бул сан 350 миңден азайган.



Тектеш кабарлар