БУУнун коопсуздук кеңеши Франциянын талабы менен шашылыш чогулат

Жыйналышта БУУнун гуманитардык иштер боюнча баш катчынын орун басары Марк Лоукок, Кеңештин мүчөлөрүн Сирияга жасаган сапары тууралуу маалыматтандырат.

894010
БУУнун коопсуздук кеңеши Франциянын талабы менен шашылыш чогулат

БУУнун коопсуздук кеңеши Франциянын талабы боюнча Сириядагы акыркы абалдар менен гуманитардык жардам жана жетүүнүн камсыздалышы темаларын сүйлөшүш үчүн бүгүн чогулат.

Жыйналышта БУУнун гуманитардык иштер боюнча баш катчынын орун басары Марк Лоукок, Кеңештин мүчөлөрүн Сирияга жасаган сапары тууралуу маалыматтандырат.

Франциянын тышкы иштер министрии Жан-Ив Ле Дриан, Сириядагы акыркы абалды талкуулаш үчүн БУУнун коопсуздук кеңешин шашылыш жыйынга чогулта тургандарын билдирген.

Ле Дриан, Алжирдеги Батыш Жер Ортолук деңиз өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйналышында журналисттерге берген маалыматында, Сириядагы акыркы абалдардын санаага салуучу экенин айткан.

Твиттер барагынан да маалымат бөлүшкөн Жан-Ив Ле Дриан: «Сирия; Гута, Идлиб,Африн. Франция БУУнун коопсуздук кеңешин шашылыш жыйналышка чакырат. Бүгүн (кечээ) эртең менен түрк кесиптешим менен сүйлөшүү өткөрдүм»,-деп жазган.



Тектеш кабарлар