Орусия 10 миң полицияны кызматынан бошотту
1-январдан тарта 10 миң жол-кайгуул кызматкеринин кызматынан бошотулганы билдирилди.
885251
Орусияда 10 миң полиция кызматынан бошотулду.
Жол-кайгуул кызматкерлеринин санын азайтууну чечкен Орусия, буга байланыштуу Жарлыкты ишке ашыра баштады.
Ички иштер министрлиги, 1-январдан тарта өлкөнүн жалпысында 10 миң жол-кайгуул кызматкеринин кызматынан бошотулганын билдирди.
Кызматтан бошотулган полиция кызматкерлеринин, Ички иштер министрлигинин берки бөлүмдөрүндө жумушка орношо ала тургандары маалымдалды.