Дүйнөдөгү катаал кыш

АКШда быйыл кыш катаал болуп жатат

884038
Дүйнөдөгү катаал кыш

АКШдагы катуу суук суулардын бардыгын тоңдуруп жатат.

Дарыялардын тоңушу эми кадимки эле көрүнүш болуп, ал эмес океан да тоңуп калды.

Тоңдуруучу суук, өлкөнүн өзгөчө түндүк-чыгышында таасирдүү болуп жатат.

Вашингтон тоосунда абанын температурасы -39 градуска чейин төмөндөдү.

Шамалдын ылдамдыгы саатына 175 километрге жеткен бул жер, жуманын аягында дүйнөдөгү эң суук экинчи аймак болду.

Испания да катаал кыш шарттарынан таасирленди.

Өлкөдө кардан улам жолдор жабылып калды.

Борбор шаар Мадридге кеткен авто жолдо 3 миңден ашуун унаа жүрбөй калды, айдоочулар түндү унааларында өткөрүштү.

Унаалардагы адамдарды куткаруу үчүн аскерлер ишке киришти.



Тектеш кабарлар