БУУнун Коопсуздук Кеңеши  АКШнын талабы менен чогулду

БУУнун Коопсуздук Кеңеши  АКШнын талабы менен Иранда улантылып жаткан митингдерди сүйлөшүү үчүн чогулду.

882918
БУУнун Коопсуздук Кеңеши  АКШнын талабы менен чогулду

БУУнун Коопсуздук Кеңеши  АКШнын талабы менен Иранда улантылып жаткан митингдерди сүйлөшүү үчүн чогулду. АКШнын БУУнун туруктуу өкүлү Никки Хэйли Иран калкынын жалпы өлкөдө 79дан ашуун жерде өкмөткө каршы көтөрүлгөндүгүн айтты. Кысым жасоочу өкмөттөн тажаган тайманбас кишилер өз өмүрүн тобокелчиликке салып митингдерге катышкандыгын белгилеген Хэйли дүйнөнүн Иран калкынын тайманбастыгын колдошу керектигин айтты.

Ирандын Йеменде хуси куралдуу күчтөрүнө миллиондогон доллар жана башка өлкөлөргө  учуруу үчүн баллситикалык ракета жибергендигин белгилеген Хэйли Иранда орточо киреше деңгээлине ээ бир үй  - бүлөнүн 10 жыл мурункусуна караганда 50 пайызга жакырдагандыгын ортого салды.

Ирандагы адам укуктарынын бузулгандыгына да көңүлдөрдү буруп, бул өлкө режиминин интернет мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоол болгондугун жана калкынын үнүн чыгарбаган аракет кылгандыгын айткан Хэйли : «АКШ эркиндик, бейкуттук жана өлкөлөрү үчүн күрөшкөн ирандыктардын жанында. Бул тууралуу үнсүз кала албайбыз»,- деди.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия болсо АКШнын Ирандагы  митингдерди БУУнун Коопсуздук Кеңешине алып келишин сынга алды. АКШны «жасалма шылтактар менен» Ирандын ички иштерине аралашуу менен күнөөлөгөн Небензия : «Бүгүн дагы бир жолу АКШнын БУУнун Коопсуздук Кеңешин жаман нерсеге колдонгондугуна күбөө болуудабыз. Иран өз маселеси менен алектенсин. Афганстан, Сирия, Ливия, Ирак, Йемен, Түндүк Корея жана Африкадагы маселелерди карагандын ордуна кеңештин энергиясын бекерге каржап жатат»,- деди.

Франциянын БУУдагы туруктуу өкүлү Франсуа Делатр Ирандагы  митингдердин эл аралык тынчтык жана коопсуздукту коркутпагандыгын белгилеп, бул өлкөгө карата кандайдыр бир кийлигишүүгө тескери кыймыл көрсөтүлүшү боюнча эскертти. Англиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Мэтью Рикрофт да митингдер учурунда болгон өлүмдөрдү белгилеп, күч колдонуу окуяларын токтотууга чакырды.

Иранда өлүм жазасынын улантылышы, ой жана диний эркиндиктердин чектелишинин тынчсыздантуучу абал экендигин белгилеген Рикфорт : «Бейкуттук жана ыраатттуу бир Иран, аймак жана башкалар үчүн пайдалуу болот»,- деди.



Тектеш кабарлар