АКШда Түндүк Корея темасы алдыңкы планга чыкты

Американын медиасы Пентагондун Түндүк Корея темасында даярдык көрүп жатканын маалымдады.

881374
АКШда Түндүк Корея темасы алдыңкы планга чыкты

АКШнын Түндүк Кореяга аскердик операция жүргүзө турганы жөнүндөгү айрым медиа мекемелери тарабынан байма бай айтылган айтымдар Коргоо министрлиги (Пентагон) тарабынан төгүнгө чыгарылды.

Американын CBS жана  NBC телеканалдарынын Пхеньян бийлигинин жаңы баллистикалык ракета сыноосуна даярданганын жарыялоосу жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жаңы жылдагы сөз сүйлөөсүндө эми үстөлүндө ядролук куралдын кнопкасы бар экенин айтышы, Вашингтондо Түндүк Корея темасындагы талаштарды күн тартиптин эң алдыңкы темасына айлантты.

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо Ким Чен Ынга жооп берүү жагынан кечиккен жок. Трамп үстөлүндөгү кнопканын Ким Чен Ындыкынан дагы чоң жана иштегидей абалда экенин белгилеп, Пхеньянды Твиттер аркылуу коркутту.

Американын медиасы да Пентагондун Түндүк Корея темасында даярдык көрүп жатканын маалымдады.

Американын Fox News каналы, Түндүк Кореянын АКШнын шарттарын орундатыш үчүн ядролук программадан баш тартпаган учурунда мындан кийинки айларда Пентагондун Түндүк Кореяга карай кол салуу ыктымалдуулугу болгонун айтып чыкты.

Fox News айрыкча Пентагондо Түндүк Корея темасында даярдыктардын артканын жана Түштүк Кореяда өтө турган Пхенчхан-2018 кышкы олимпиадаларынан кийин АКШ бийлигинин колундагы альтернативаларды кайра карап чыга турганын билдирди.

Пентагондун басма сөз катчысы, полковник Роб Мэннинг, Түндүк Корея темасында ортого салынган айтымдар тууралуу маалымдоо жасады.

Теманын дагы деле дипломатиялык жол менен чечилишин күткөндөрүн белгилеп, АКШнын Түндүк Кореяга бир жактуу операция жүргүзө турганын айтып чыккан кабарларды төгүнгө чыгарган Мэннинг: «Мындай нерсе эч жок. Муну ким айтканын билбеймин, бирок бул жоопкерчиликсиз жана чындыкка жатпаган айтымдар. Министр Маттистин да айтканы сыяктуу ал жерде максатыбыз согуш эмес, Корея жарым аралынын толук, ырасталган жана артка кайтылгыс түрдө ядролук куралдардан арылтылышы. Бул бир топ дипломатиялык колдоо менен жүргүзүлгөн дипломатиялык аракет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар