Түштүк Кореяда куш тумоосу

Жетекчилер ноябрь айынан бери 654 миңден ашуун канаттуунун жок кылынгандыгын билдирди.

880397
Түштүк Кореяда куш тумоосу

Йонхап агенттигинин кабарына ылайык карантин жетекчилери борбор шаар Сеулдун 240 километр түштүк батышындагы Гочанг аймагындагы өрдөк фермасында  H5N6 куш тумоосу вирусун аныкташты. Жетекчилер ноябрь айынан бери 654 миңден ашуун канаттуунун жок кылынгандыгын билдирди.

Айыл  - чарба жана азык – түлүк, айыл иштери боюнча министр Ким Юнг Рок 20 -  ноябрда бул өрдөк фермасында кездешилген куш тумоосу эпидемиясынан кийин жалпы өлкөдө канаттууларды алып – сатуусуна 48 сааттык тыюу салынгандыгын жарыялаган болчу.

Вирус менен күрөшүү үчүн киргизилген тыюу салуунун канаттуулар  фермасынын каражаттары менен жумушчуларын да камтыгандыгын белгилеген Ким : «Жалпы өлкөдө канаттуулар фермасы жана башка тийиштүү комплекстерге карата эң жогорку коргоочу чаралар көрүлдү»,- деди. түштүк Кореяда өткөн жылы чыккан куш тумоосу эпидемиясында миллиондогон тоок жана өрдөк жок кылынган болчу.



Тектеш кабарлар