Канадада бир киши катуу суукта тоңуп каза болду
Суук катуу болгон Канадада бир киши тоңуп каза болду.
Суук катуу болгон Канадада бир киши тоңуп каза болду. Онтарио аймагына караштуу Гамильтон шаарында 77 жаштагы бир киши кар толгон чуңкурда тоңүп каза болгон. Полиция атын билдирбеген кишинин карга батып калган унаасынан чыккандан кийин кар менен капталган бир чукурга түшкөн жана бул жерде тоңуп каза болгондугун билдирди. Бир тараптан Канада метеорологиялык кызматынын катчысы Петер Кимбелл Торонто Пирсон аэропортунда бүгүн эрте мененки өлчөөлөрдө абанын температурасы - 22 градус деп катталгандыгын белгиледи. Кимбелл өлкөдөгү ашыкча сууктун жаңы жылдын экинчи жумасына чейин улантышы күтүлүп жаткандыгын билдирди. Оттава саламаттыкты сактоо кызматтары ашыкча суук боюнча элди эскертип, мажбур болмоюнча көчөгө чыкпоо керектигин айтты.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.