Европа Биримдиги Орусияны сынга алды

Навальныйдын президенттикке талапкерлигинин четке кагылышына байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыяланды.

876703
Европа Биримдиги Орусияны сынга алды

Европа Биримдиги, Орусиядагы президенттик шайлоого оппозициячыл Алексей Навальныйдын талапкерлигинин четке кагылышын, өлкөдөгү саясий плюрализмге жана шайлоонун демократиялуу өтөөрүнө шек туудурганын билдирди.

Европа Биримдигинин Тышкы мамилелер кызматы, Орусиянын президенти Владимип Путиндин эң чоң атаандаштарынын бири катары эсептелген Навальныйдын келээрки жылы өткөрүлө турган президенттик шайлоо үчүн талапкерлигинин четке кагылышына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Орусияда 18-мартта боло турган шайлоодо ар кимге бирдей мүмкүнчүлүктүн берилишинин күтүлгөнү белгиленген билдирүүдө, саясий максаттуу күнөөлөөлөрдүн шайлоого катышууга бөгөт болуу үчүн колдонулбашы керектиги белгиленди.

Билдирүүдө Орусияда өтө турган шайлоого Европанын Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочуларынын чакырылышынын күтүлгөнү сөз кылынды.



Тектеш кабарлар