Орусия АКШны эскертти
АКШ Түндүк Кореяга кол салган учурда АКШ оор жоготууга учурайт
Корея жарым аралында согуш чыгып кеткен учурда Американын көп сандаган жараны жабыркашы мүмкүн.
Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Николай Патрушев, орус басма сөзүнө маек куруп берди.
Патрушев маегинде, АКШ Түндүк Кореяга кол салган учурда Түштүк Кореядагы 250 миң АКШлык жарандын оор жоготууга учурай турганын белгиледи.
Николай Патрушев: «Корея жарым аралында чоң согуш чыгып кетсе он миңдеген АКШ жараны жабыркайт. Түндүк Кореянын оор куралдары Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулдан орто эсеп менен 50 километр алыстыкта»,-деди.
Вашингтондун жарым аралдагы чыңалуунун артуусунда таасирдүү экенин белгилеген Патрушев: «Учурда АКШ Түндүк Корея лидерлигине каршы агрессивдүү жана провокациялык сөздөрдү айтып, Түштүк Корея менен кеңири масштабдуу машыгууларды өткөрүүдө»,-деди.
Николай Патрушев, АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы чыңалуунун саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечилээрин да кошумчалады.