Дүйнөдө 258 миллион мигрант бар

Дүйнөдө мекенинен чыгып башка өлкөлөрдө жашаган 258 миллион качкын бар.

871469
Дүйнөдө 258 миллион мигрант бар

Дүйнөдө мекенинен чыгып башка өлкөлөрдө жашаган 258 миллион качкын бар.

БУУнун Эл аралык мигранттар күнүнөн улам жарыялаган отчетуна караганда эл аралык мигранттардын саны 2000 – жылдан бери 49 пайыздык артуу менен 258 миллионго жогорулады. Бул мигранттардын 49, 8 миллиону АКШда. Отчетто АКШдан кийин эң көп мигрант алган өлкөлөр  ар биринде 12 миллион мигрант жашаган Сауд Аравия, Гремания жана Орусия экендиги, Англиянын 9 миллион мигрант менен бешинчи орунда экендиги, жогорку кирешелүү өлкөлөрдүн эл аралык мигранттардын 165 миллионун алгандыгы билдирилди.

БУУ 2017 -  жылы эл аралык мигранттардын үчтөн эки бөлүгүнүн 20 өлкөдө жашагандыгына, мигранттардын Түндүк Америка жана океания өлкөлөрүнүн калкынын өсүшүнө салым кошкондугуна жана Европада мигранттар болбосо калктын санынын азаярына көңүл бурулду. Отчетто мигранттардын 2000 – 2015 – жылдары Түндүк Америкада калкынын өсүшүнө  42 пайыз, океанияда 31 пайыздык салым кошкондугу белгиленди. Отчетко караганда 2017 -  жылы эл аралык мигранттардын 26 миллиону качкын же баш калкалоочу.

Эл аралык мигранттардын көпчүлүгү жогорку кирешелүү өлкөлөрдө болсо, качкын жана баш калкалоочулардын 22 миллионунун орто жана төмөнкү кирешелүү өлкөлөрдө экендиги белгиленди.  БУУму эл аралык качкындардын төрттөн үч бөлүгү  20 – 64 жаштарында, жаш ортоломосунун 39, 2 экендигин да билдирди.

Эл аралык мигранттардын 2017 – жылдан баштап 48, 4 пайызынын аялдар экендиги, аял мигранттардын Африка жана Азия тышында бардык аймактарда эркектерге караганда көп экендиги белгиленди. Ар бир  10 эл аралык мигранттан алтоосунун Европа же Азияда жашагандыгы, Европа, Түндүк Америка жана океаниядагы бир топ өлкөдө калктын 10 пайызын  түзгөндүгү билдирилди. Отчетто айрыкча Индиянын чек аранын тышында жашаган калкка ээ өлкө экендиги, Индиядан кийин Мексиканын келгендиги белгиленди.

Орусия, Кытай, Бангладеш, Сирия, Пакистан жана Украинанын өлкө тышында жашаган жаран санынын ды 6  - 11 миллион экендиги белгиленди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар