НАТО Орусияны эскертти

НАТО Орто аралыктуу ядролук күчтөр келишимин бузгандыгын аныктагандыгын белгилеп бул абалдын олуттуу тынчсызданууга себеп болгондугун билдирди.

869648
НАТО Орусияны эскертти

НАТО мүчө өлкөлөрдүн Орусиядагы бир ракета системасынын Орто аралыктуу ядролук күчтөр келишимин бузгандыгын аныктагандыгын белгилеп бул абалдын олуттуу тынчсызданууга себеп болгондугун билдирди.

НАТОдон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Орто аралыктуу ядролук күчтөр келишиминин АКШ жана Орусияда кургактыктан атылган ракеталарды жок кылуу менен 30 жылдан бери Европа  - Атлантика коопсуздугун түзүү жактан ачкыч роль ойгоногон, ырааттуулукка салым кошкон жана жаңылыш эсеп кылуу коркунучун азайтуу менен кагылышууга тоскоол болгондугу белгиленди.

Орто аралыктуу ядролук күчтөр келишимине көңүл бурулган маалыматта НАТОнун келишимди сактап калуу тууралуу абдан чечкиндүү экендигине басым жасалды. Маалыматта : «Союздаштар олуттуу тынчсыздануу жараткан бир орус ракета системасынын бар экендигин аныктады.  НАТО Орусияга бул тынчсызданууларды жок кылуу үчүн так мамиле кылышы жана АКШ менен техникалык диалогду улантууга чакырды»,- деп билдирилди.

Суук согуш мезгилинде советтер союзунун президенти Михаил Горбачев менен АКШнын президенти Рональд Рейган тарабынан 1987 -  жылы 8 -  декабрда кол коюлган Орто аралыктуу ядролук күчтөр келишимине 500 жана 5 миң 500 километрдик аралыктуу болгон бардык кургактыктан атылган ракеталарга тыюу салууда.



Тектеш кабарлар