Орусиянын президенти Путиндин пресс - жыйыны

Орусия куралдануу жарышына кирбейт.

868613
Орусиянын президенти Путиндин пресс - жыйыны

Орусиянын  президенти В. Путин жыл сайын өткөргөн жылдын акырындагы пресс  - жыйынга 1600дөн ашуун журналист катышты жана суроолоруна жооп берди. Путин пресс  - жыйында АКШга : «Мал сыяктуу күрөшүүнүн токтотуубуз керек»,- деди. Путин АКШда өткөн жылы болгон шайлоого кийлигишти деген күнөөлөөлөрдүн АКШнын өзүнө гана зыянын тийгизгендигин айтты.

Ядролук ракета дүрмөттөрүн кыскартууну  күткөн START келишиминен  чыгышпай тургандарын айткан Путин эч ким менен куралдануу боюнча жарышка киришпей тургандарын айтты.

Түндүк Кореянын ядролук мамлекет статусун кабыл алышпагандарын жарыялаган Путин муну менен бирге АКШнын Пхеньян саясатына тескери мамиле кылгандыгын белгиледи. Вашингтонду эскертип : «Түндүк Кореядагы бардык буталарды бир жолкуда ата албайсыңар»,- деген Путин Түндүк Кореяга жасала турган кол салуунун апаат менен бүтөрүн айтты, тараптарды чыдамдуулукка чакырды. Путиндин жылдык  пресс  - жыйыны өткөн жылы 4 саатка жакын созулган.

 



Тектеш кабарлар