БУУнун Түндүк Кореяга киргизген санкциялары толук ишке ашышы керек...

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, премьер-министр Синдзо Абэ менен жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

868492
БУУнун Түндүк Кореяга киргизген санкциялары толук ишке ашышы керек...

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, Түндүк Кореянын улам арткан ядролук жана ракеталык коркунучунун алдын алуу үчүн БУУнун санкцияларынын толук түрдө ишке ашырылышы максатында биргелешкен аракеттин керектүүлүгүн билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо камсыздоосу боюнча эл аралык конференциясына катышуу үчүн Японияга барган Гутерриш, премьер-министр Синдзо Абэ менен жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүп, аймактык тынчтык жана ырааттуулук үчүн Түндүк Кореянын  атомдук программасынан баш тартуусунун шарт экенин баса белгиледи жана бул темага бардык өлкөлөрдүн кайдыгер карабашы керектигин жарыялады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкция токтомдорунун жалгыз гана Түндүк Кореяны эмес, бүткүл өлкөлөрдү баш ийдире турганына көңүл бурган Гутерриш: «Өзгөчө Коопсуздук кеңешинин бирдиктүү болушу шарт»,-деди.

Япониянын премьер-министри Абэ да Түндүк Корея менен ядролук куралсыздануу максатына карай түшүнүктүү диалог курулушу темасында БУУнун башкы катчысы Гутерриш менен макулдашкандарын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар