Эфиопиядагы митингдерде алты жаран каза тапты

Оромия жана Тиграй аймагындагы Волега жана Адигрант университетиндеги окуяларда акыркы бир жумада жалпы 3 студент каза болду.

867680
Эфиопиядагы митингдерде алты жаран каза тапты

Эфиопиянын Оромия аймагында өкмөткө каршы митингдерде 6 жаран каза болду. Оромия аймагынын катчысы Аддису Арега Челенко кыштагындагы митингдердин бир полиция кызматкеринин Ахимаддинн Ахимад аттуу бир кишинин каза болушунан кийин башталгандыгын жана жарандык жоготуулардын аймактагы улуттук коопсуздук күчтөрүнүн митингге кийлигишүүсүнөн кийин болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Бир тараптан өлкөнүн Оромия жана Тиграй аймагындагы Волега жана Адигрант университетиндеги окуяларда акыркы бир жумада жалпы 3 студент каза болду. Тиграй  аймактын катчысы Гебреамишел Меллес Адигрант университетиндеги чыр  - чатактын  эки  дос группанын ортосунда башталгандыгын, саясий жана этникалык бир себептен чыккандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар