Cауд королунун Иерусалим тууралуу маалыматы

Король Слеман палестиналыктардын мыйзамдуу укуктарынын тапшырылышы тууралуу саясий чечүүчү жол табууга чакырды.

867834
Cауд королунун Иерусалим тууралуу маалыматы

Сауд Аравия Иерусалимдин (Кудустун) жана палестиналыктардын укуктарынын кайра берилиши үчүн чакыруу салды. Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Иеруслаим саммитине катышпаган Король Селман Иерусалим жана Палестина маселесине байланыштуу маалымат берди.

Палестиналыктардын Чыгыш Иерусалимдин борбор шаары болгондугу жана көз карандысыз өлкө куруу укугуна токтолгон Король Слеман палестиналыктардын мыйзамдуу укуктарынын тапшырылышы тууралуу саясий чечүүчү жол табууга чакырды.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таануу чечимин дагы бир жолу айыптаган король эл аралык чечимдер кепилдик берген Иерусалим тууралуу чыгарылган бул чечимди ашыкча тараптуулук деп мүнөздөдү.  



Тектеш кабарлар