Таиландда сел

Таиланддын чыгышында жүргөн селден 805 миңден ашуун киши жабыр тартты.

860863
Таиландда сел

Таиланддын чыгышында жүргөн селден 805 миңден ашуун киши жабыр тартты. Улуттук апаатты азайтуу агенттигинин башкы директору Чаяпол Титисак өткөргөн пресс – жыйынында : «Жуманын акырында үзгүлтүксүз жааган жамгыр жол ачкан селден 256 миң 447 үй  - бүлөдөн 805 миңден ашуун киши жабыркады»,- деди.

Титисак өлкөнүн чыгышындагы 9 аймакта 4 миң 289 айыл жана 96 райондун суу астында калгандыгын белгиледи. Селден жабыркаган аймактарга аскер жана изилдөө куткаруу топтору жиберилди. Таиланддын түндүгү менен чыгышында август айында жүргөн селде 25 киши каза болуп, 300 миллион долларлык чыгым болгон.

 



Тектеш кабарлар