Индонезияда 100 миллион киши сел коркунучу астында жашап жатат

Катуу жаан  - чачындын айынан Индонезияда 100 миллионго жакын кишинин сел жана жер көчкү коркунучу астында жашап жаткандыгы билдирилди.

859632
Индонезияда  100 миллион киши сел коркунучу астында жашап жатат

Катуу жаан  - чачындын айынан Индонезияда 100 миллионго жакын кишинин сел жана жер көчкү коркунучу астында жашап жаткандыгы билдирилди.

Улуттук апаатты башкаруу агенттиги BNPB тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөгө караганда жамгыр сезонунда Индонезияда 60 миллионго жакын кишинин сел, 40 миллион кишинин да жер көчкү коркунучу астында жашагандыгы жарыяланды.

Коркунучтуу аймактар үчүн алдыңкы даярдыктардын көрүлгөндүгүн белгилегенген BNPB өлкөдө катуу жамгыр жаашынын үч айга дагы созуларын ушунун негизинде жергиликтүү башкаруучулардын эскертүү жана чукул абал кийлигишүүлөрүнө карата чаралардын арттырылыгандыгы белгиленди. Жалпы өлкөдө ноябрь айынан батап ашыкча жаан  - чачындын айынан 689 жер көчкүнүн болгондугу жана баш калкалоо үйлөрүнө кошумча азык  - түлүк жеткирилгендиги боюнча маалымат бөлүшүлдү.

Бир тараптан жетекчилер Жава аралында таасирдүү болгон «Жемпака» борошосу жол ачкан жер көчкүдө 18, селде болсо 9 кишинин каза болушу менен каза болгондордун саны 27ге чыккандыгын билдирди.

Тропикалык климатка ээ жана муссон жамгырларынын таасири астындагы 256 миллион калктуу Индонезияда өзгөчө сентябрь  -  март мезгилинде ашыкча жамгыр жаап жатат.



Тектеш кабарлар