Японияда император Акихито 2019 -  жылы тактыдан кетет

Япониянын 83 жаштагы императору өткөн жылы улутка кайрылуу сөзүндө кызматын таштай тургандыгын  белгилеген.

859622
Японияда император Акихито 2019 -  жылы тактыдан кетет

 

Япониянын мамлекеттик телекөрсөтүү каналы NHKнын кабарына караганда премьер  - министр Шинзо Абе император Акихитонун 2019 -  жылы 30 -  апрелде тактыдан кетерин билдирди. Япониянын 83 жаштагы императору өткөн жылы улутка кайрылуу сөзүндө кызматын таштай тургандыгын  белгилеген.

Акихито атасы император Хирохитонун 1989 -  жылы 7 -  январда каза болушу менен 55 жашында тактыга отурган.

Акихитонун тактыдан кетиши менен ордуна 57 жаштагы уулу мураскер принц Нарухитонун тактыга отурушу күтүлүүдө.

Конституциялык монархиясы менен башкарылган Японияда императордун япон калкынын атынан кээ бир ыйык милдеттерди орундаткандыгына ишенилет. Ата бабалары ыйык деп эсептеген Шинто ишеничинин эң жогорку кадыр баркы деп саналган император япон калкынын биримдигинин өкүлү.

Японияда Хризантема такты 2 миң жылдан бери атадан балага өтүп келет. Өкүмдарлыктын аял мүчөлөрүнүн бирөөсү эл арасынан бирөө менен турмуш кура турган болсо королдук статусун таштоого мажбур.

 



Тектеш кабарлар