Рекс Тиллерсон Бахрейндин мураскер принци менен жолугушту

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Бахрейндин мураскер принци Салман бин Хаман Ел Халифе Катар кризисиндеги акыркы абалдарды карап чыгышты.

858166
Рекс Тиллерсон Бахрейндин мураскер принци менен жолугушту

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Бахрейндин мураскер принци Салман бин Хаман Ел Халифе Ирандын аймактагы иш чаралары менен Катар кризисиндеги акыркы абалдарды карап чыгышты.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэрт министрликте өткөрүлгөн Тиллерсон  -  Ел Халифе сүйлөшүүсүнө байланыштуу  жазуу түрүндө маалымат берилди.

Маалыматта : «Министр Тиллерсон Бахрейндин АКШ менен күчтүү өнөктөштүгүнөн улам мураскер принц Ел Халифеге рахмат айтты. Тиллерсон жана коногу Ирандын аймактагы зыяндуу кыймылдарына жооп кайтаруу, улантылып жаткан Булуң келишпестигинин чечилиши тууралуу жана аймактык орток маселелер сыяктуу темаларды карап чыгышты»,- деп билдирилди.

Тиллерсондон мурда Пентагондо коргоо министри Жим Маттис менен да жолугушкан Ел Халифенин АКШ менен Бахрейндин ортосундагы карым – катнаштар тууралуу пикир алышууларда болгондугу белгиленди.



Тектеш кабарлар