Кытай адамдын башын трансплантациялоого уруксат бербейт

Итальян мээ хирургу Сержио Канаверо мындан мурда Кытайда оор илдети бар бир кишинин башын мээ өлүмү болгон донордун денесине трансплантациялай турганын айткан.

856239
Кытай адамдын башын трансплантациялоого уруксат бербейт

 

Кытай, итальян мээ хирургу Сержио Канаверонун жасоону пландаган баш алмаштыруу операциясына уруксат берилбей турганын жарыялады.

Кытайдын орган трансплантациялоо комитетинин төрагасы Хуан Цзефу, 25-ноябрда «China Daily» гезитине берген маалыматында мындай операцияга техникалык жактан жетишсиз экендиктерин жана орган алмаштыруу тууралуу Кытайдын мыйзамдарына терс түшкөнүн жарыялады.

Итальян мээ хирургу Сержио Канаверо мындан мурда Кытайда оор илдети бар бир кишинин башын мээ өлүмү болгон донордун денесине трансплантациялай турганын айткан.

Хуан Цзефу, Канаверонун кытайлык хирург Рен Сяопин менен бирге труптар арасында ийгиликтүү ишке ашыргандарын айткан трансплантациянын этикалык эрежелерге ылайык келбегенин белгиледи жана мындай түрдөгү клиникалык сыноолорго Кытайда эч качан уруксат берилбей турганын кошумчалады.

Адис чөйрөлөрдө итальян хирургдун чындыгында кандайдыр бир рекламага багытталганын жана бул операциянын мүмкүн эместигинин көп жылдарга созулган сыноолордо түшүнүктүү болгонун белгилеген.



Тектеш кабарлар