Йеменде учкучсуз аба унаасы менен кол салуу жасалды
Кол салууда 3 жаран каза тапты.
Йемендин Ел - Бейда облусунда АКШга таандык экендиги ортого салынган учкучсуз аба унаасы ИХА менен ишке ашырылган кол салууда 3 жаран каза тапты.
Бейда облусуна караштуу Ел - Каришийе районунун Укбе Заж аймагында бир жерге АКШга таандык экендиги айтылган ИХА менен абадан кол салуу жасалды. Кол салууда 3 кишинин каза болгондугун белгилеген булактар каза болгон кишилердин террордук уюм Аль Каида менен байланышынын жок экендигин, аймакта жашаган жарандар экендигин айтты.
АКШ же Йемен мекемелеринен болсо азырынча кол салууга байланыштуу маалымат берилген жок. АКШ акыркы мезгилде Йемендин Шебва, Эбйен жана Бейда облустарындагы Аль Каида буталарына абадан кол салуу жасап жатат.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.