Гутерриш адамдардын кул катары сатылышына каршылык көрсөттү

Гутерриш: «Кулчулуктун дүйнөбүздө орду жок»

851564
Гутерриш адамдардын кул катары сатылышына каршылык көрсөттү

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Ливияда качкын көчмөндөрдүн кул катары сатылышына байланыштуу көрүнүштөрдүн коркунучтуу экенин айтты.

Гутерриш БУУнун Башкы борборундагы билдирүүсүндө, ливиялык жооптуу кызматкерлерди үрөйдү учурган көрүнүштөр боюнча териштирүү жүргүзүүгө чакырды.

Күнөөлүүлөрдүн дароо таап жоопко тартылышы керектигин баса белгилеген Гутерриш: «Кулчулуктун дүйнөбүздө орду жок. Бул эң коркунучтуу адам укуктарын бузуу болуп саналат. Адам баласына каршы жасалган кылмыш»,-деди.

Баш катчы эл аралык коомчулукту бул маселеге каршы биргелеше күрөшүүгө чакырды.

Американын CNN телеканалы өткөн жумада Ливиядагы кул базарынын көрүнүштөрүн жарыялаган болчу.  



Тектеш кабарлар