Гамбияда азык - түлүк кризиси

Гамбиянын айыл  - чарба министри Омар Жаллоу катуу жамгырлардан эгин аянттарынын чоң өлчөмдө зыян тарткандыгын айтты.

851933
Гамбияда азык  - түлүк кризиси

Гамбиянын айыл  - чарба министри Омар Жаллоу сентябрь  -  ноябрь айларынын арасында болгон кургакчылыктан кийин башталган катуу жамгырлардан эгин аянттарынын чоң өлчөмдө зыян тарткандыгын айтты.

Жаллоу катуу жамгыр жаашынын түшүмгө тескери таасир тийгизгендигин жана бул абалдын миңдеген кишини ачкачылык коркунучу менен бетме  - бет алып келерин белгиледи.

Министрлик тарабынан климаттык өзгөрүүнүн өлкөдөгү таасири боюнча даярдалган отчетто бул жылкы түшүм көлөмүнүн өткөн жылга караганда 26 пайызга түшкөндүгү белгиленди.

Отчетто азыркы учурда 23 миң кишинин чукул түрдө азык  - түлүк жардамына муктаж экендигин, бул жылкы кургактык жана катуу жамгыр жаашы менен да келерки жылы 41 миң кишинин ишенимдүү азык  - түлүккө жете албай тургандыгы жана 354 миң кишинин азык  - түлүк кризисинен таасирленери белгиленди.

Отчеттун сунуштар бөлүгүндө азык  - түлүк кризисинен улам өкмөттүн айыл – чарба өнөктөштөрүнөн жардам суроосу керектиги баса белгиленди. Гамбияда 2011 – жылы да кургакчылыктан улам азык  - түлүк кризиси чыккан болчу.

 



Тектеш кабарлар