Түштүк Кореяда куш тумоосу

12 миң 300гө жакын өрдөктүн жок кылынгандыгы белгиленди.

851092
Түштүк Кореяда куш тумоосу

Түштүк Корея өлкөнүн түштүк - батышындагы бир өрдөк фермасында патогендүү куш тумоосунун  чыккандыгын ырастады. Айыл  - чарба, азык  - түлүк жана айыл иштери министри Ким Юнг Рок борбор шаар Сеулдун 300 километр түштүк батышындагы Кочхана аймагында бир өрдөк фермасында  кездешилген куш тумоосунан кийин жалпы өлкөдөгү канаттуулардын кыймылына 48 саатка тыюу салынгандыгын белгиледи.

Вирус эпидемиясы менен күрөшүү үчүн тыюу салуунун канаттуулар фермасынын унаалары жана жумушчуларын да камтыгандыгын айткан министр Ким : «Жалпы өлкөдө бардык канаттуу фермаларына жана башка тийиштүү комплекстерге карата жогорку деңгээлде коргоочу чаралар көрүлдү»,- деди. H5N6 куш тумоосу вирусу аныкталгандан кийин фермада 12 миң 300гө жакын өрдөктүн жок кылынгандыгы белгиленди.

Йонхап агенттинин өкмөт жетекчилерине таянып берген кабарында да бул жылы кыш мезгилинде биринчи жолу кездешилген  эпидемиядан кийин өлкөдөгү бардык канаттуу фермаларынын жана унааларынын дезенфекция кылынары билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар