Йеменде күндө 130 бала каза болуп жатат

Өлкөдө бир гана бул жылы 50 миңден ашуун баланын каза болгондугу болжолдолууда.

849149
Йеменде күндө 130 бала каза болуп жатат

Эл аралык кайрымдуулук коому «Балдарды коргоо» Йеменде эки жылдан ашуун убакыттан бери болуп жаткан жарандык согуш тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык өлкөдө күн сайын эң аз 130 бала ачкачылык же оорунун айынан каза болууда.

Өлкөдө бир гана бул жылы 50 миңден ашуун баланын каза болгондугу болжолдолууда.

Риядда баллистикалык ракеталык  кол салуудан кийин Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалициянын Иран колдогон хусилер текшерген аймактарга жасаган блокада да «Балдарды коргоо» уюмунун сындарына себеп болду.

4 -  ноябрда Йемендеги хусилердин Риядга аткан баллистикалык ракетасы Сауд Аравиянын блокада чечимин чыгаруусуна себеп болгон. Эл аралык кысымдардан кийин Сауд Аравия дүйшөмбү күнү хусилер текшерүүгө алган аэропорттор жана порттордогу блокаданы жойорун билдирген болчу.

Эң жакыр араб өлкөсү болгон Йеменде Иран колдогон хусилер менен Сауд Аравия колдогон коалициянын ортосунда 2014 -  жылдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда 10 миңден ашуун киши каза болду. 3 миллион киши да үйүн таштап кетүүгө мажбур болду.



Тектеш кабарлар