Иран - Ирак чек арасында болгон жер титирөөдө 530 киши каза болду

Хасан Рухани жер титирөө болгон аймакка барды.

847721
Иран - Ирак чек арасында болгон жер титирөөдө 530 киши каза болду

Ирак - Ирандын чек арасында жекшемби күнү болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 530га жетти. 7, 3 баллдык жер титирөөдө жаралангандардын саны да 7 миңге жетти.

12 миң үй толугу менен кулаган аймак калкы суукка карабастан түндү көчөдө өткөрүшүүдө.  Жер титирөө болгон аймакка барган президент Хасан Рухани кулаган имараттардын эң кыска убакытта кайрадан калыбына келтирүү боюнча убада берди. Жер титирөөдө үйлөрү кулаган кишилерге жаңы квартира  же айлык ижараларына жардам берилет. Рухани Иран менен тилектеш болгон өлкөлөргө да рахмат айтты.



Тектеш кабарлар