Перуда фресктер өрттөндү

Латын Америка өлкөлөрүнөн Перуда 2 миң жылдык дубал сүрөттөрү (фреск) өрттөндү.

846653
Перуда фресктер өрттөндү

Латын Америка өлкөлөрүнөн Перуда 2 миң жылдык дубал сүрөттөрү (фреск) өрттөндү.

Өлкөнүн түндүк чыгышындагы Сипан цивилизациясынын король мазарлары музейинде башталган өрт эң аз 2 миң жылдык бир фреск менен бир топ тарыхый чыгарманы күлгө айландырды.

Түндүк Перу мурасынын эң кооз үлгүлөрүнүн бирөөсү болгон фреск ошол эле учурда Американын эң эски дубал сүрөтү болуу өзгөчөлүгүнө ээ эле.

Өрттүн чыгышына себеп катары Вентаррон археологиялык коргоо аянтына коңшу шекер камышы талаасындагы жумушчулардын өрт коюшу менен алоолордун аймакка жайылгандыгы белгиленүүдө. 4 миң 500 жылдык Вентаррон археологиялык коргоо аянты 2007 -  жылы жаңыдан ачыкка чыккан болчу.

 

 



Тектеш кабарлар