145 миллион жылдык сөөк калдыктар табылды

Бул жаныбарлардын биринин курт-кумурскалар менен экинчисинин болсо өсүмдүктөр менен азыктангандыгы аныкталды

842689
145 миллион жылдык сөөк калдыктар табылды

Англияда, сүт эмүүчүлөрдүн атасы деп сыпатталган эки жаныбарга таандык 145 миллион жылдык сөөк калдыктар табылды.

Портсмут университетинен Стив Свитман, өлкөнүн түштүгүндөгү Дорсет аймагында тукуму жок болгон чычканга окшогон эки жаныбарга таандык тиш калдыктарынын аныкталганын белгиледи.

Свитман жүргүзүшкөн изилдөөдө бул жаныбарлардын биринин курт-кумурскалар менен экинчисинин болсо өсүмдүктөр менен азыктангандыгы аныкталганын жана бул сүт эмүүчүлөрдүн тиштеринин өтө күчтүү экенин, азыктарын теше алганын, кесе алганын жана эзе алганын айтты.

Фоссилдердин Дорсеттин Суонеж шаарындагы аскалуу аймакта университеттин студенттери тарабынан табылганы баса белгиленди.

Изилдөөгө байланыштуу далилдер «Acta Palaeontologica Polonica» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар