Франциянын тышкы иштер министри Египетте

Египеттин президенти Абдулфеттах ес  - Сиси Франциянын тышкы иштер министрин кабыл алды.

844494
Франциянын тышкы иштер министри Египетте

Египеттин президенти Абдулфеттах ес  - Сиси расмий сапар менен өлкөсүнө барган Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив  Ле Дрианды кабыл алды.

Египеттин президенттигинен берилген маалыматка караганда Сиси менен Ле Дриан Шарм еш  - Шейх шаарында өткөрүлгөн Дүйнөлүк жаштар форуму иш чарасынын негизинде жолугушту.

Маалыматта эки  жетекчинин Египет жана Франциянын ортосундагы карым – катнаштар, Ливия жана Сирия болуп аймактагы кризистер тууралуу акыркы абалдарды карап чыгышкандары белгиленди.

Сиси эки тараптуу карым – катнаштарда түрдүү деңгээлдерде өнүгүү жана өсүүнүн болгондугун белгилеп, өлкөсүнүн Франция менен карым – катнаштарын күчтөндүүрүнү каалагандыгын билдирди.

Франциянын тышкы иштер министри Ле Дриан да өлкөсүнүн Жакынкы Чыгыштагы эң негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бирөөсү болгон Египет менен түрдүү тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүнү, активдүү абалга алып келүүнү жана координациялуу болууну каалагандыгын айтты.



Тектеш кабарлар