Грецияда кол салуу болду
Ким экени белгисиз эки киши ПАСОК имаратына куралдуу кол салышты.
842222
Грециянын борбор шаары Афинада ким экени белгисиз эки киши ПАСОК имаратына куралдуу кол салышты. Кол салууда каза болгон же жаралангандар болбостон, кол салуучулар окуя болгон жерден качып кеткен.
Окуя болгон жерге жиберилген көп сандаган коопсуздук топтору аймакты текшерүү астына алды. Окуя тууралуу террор менен күрөшүү топтору тарабынан изилдөө баштатылды.
ПАСОКтун мындан мурда да түрдүү кол салууларга дуушар болгондугун белгилеген партиянын лидери имаратты коргоо үчүн өкмөттөн дагы таасирдүү чараларды көрүүсүн талап кылды.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.