Вьетнамдагы "Дамрей" тайфуну

Вьетнамдын ортоңку жана түштүк бөлүктөрүндө таасирдүү болгон «Дамрей» тайфунунда каза болгондордун саны 44кө жетти.

841598
Вьетнамдагы "Дамрей" тайфуну

Вьетнамдын ортоңку жана түштүк бөлүктөрүндө таасирдүү болгон «Дамрей» тайфунунда каза болгондордун саны 44кө жетти.

Жетекчилер Ханх-Хоа шаарынын жакындарында чөккөн жүк ташуучу кемедеги 9 кишилик экипаждын эмдигиче жок экендигин белгилеп, изилдөө – куткаруу иштеринин натыйжасында кемедеги 88 кишинин куткарылгандыгын билдирди. Ошол эле учурда тайфундан улам 116 миң үйдүн зыян тарткандыгы жана 10 кишинин дайынсыз жоголгондугу белгиленди.

Шамалдын ылдамдыгы жуманын акырында 150 километрге чейин чыккан тайфунда 228 балыкчы кемесинин чөккөндүгү, 30 миң гектарга жакын эгин аянтынын да суу астында калгандыгы билдирилген болчу. Узун мөөнөттүү электр үзгүлтүктөрүнө жол ачкан тайфундан улам 40 миңге жакын киши коопсуз аймактарга жиберилди.



Тектеш кабарлар