Амазон токойлоруна бак-дарактар отургузулат

«Дүйнөнүн өпкөсү» деп сыпатталган жамгыр токойлору акыркы жылдарда чоң зыянга учурады

839331
Амазон токойлоруна бак-дарактар отургузулат

Дүйнөдөгү эң ири жашылдандыруу долбоорунун алкагында Амазон токойлоруна 73 миллион бак-дарак отургузулушу пландалууда.

Дүйнөнүн жашоого ыңгайлуу болушунда таасирдүү болгон жана «Дүйнөнүн өпкөсү» деп сыпатталган жамгыр токойлору акыркы жылдарда чоң зыянга учурады.

Жашылдандыруу иштерин жүргүзгөн Conservation International компаниясы, келечекте глобалдык жылуулукту алдын алуу, жок дегенде акырындатуу үчүн жаңы долбоорлорго кол коет.

Тарыхтагы эң ири тропикалык жашылдардыруу долбоору аркылуу алдыбыздагы 6 жылдын ичинде 73 миллион көчөттүн Бразилиянын Амазон, Акр, Пара, Лондония аймактарында, жайыттар үчүн бак-дарактар кыйылган 70 миң гектардык жерге отургузулушу пландалууда.

Глобалдык жылуулукка бөгөт болуу үчүн Париж конференциясында тропикалык токойлордун корголуусу каралды.

Токойлордун азайышы алдын алынса, көмүр кычкыл газынын көлөмү 37 пайыз кыскарышы мүмкүн.

Акыркы 40 жылдын ичинде 20 пайыз азайган Амазон токойлорунун келээрки 20 жылдын ичинде дагы 20 пайызынын жок болоору божомолдонууда.



Тектеш кабарлар