Орусиядагы адамдардын биоматериалдары чогултулууда

Орусиядагы видео көзөмөл системаларынын жардамы менен орус жарандарынын сүрөттөрүнүн чогултулганы билдирилди

837658
Орусиядагы адамдардын биоматериалдары чогултулууда

Орусиянын президенти Владимир Путин, өлкөсүндөгү ар түрдүү этникалык топтордун өкүлдөрүнүн биоматериалдарынын белгисиз максатта чогултулганын белгиледи

Путиндин катышуусунда өткөрүлгөн Орусиянын Жарандык коомдук жана адам укуктарын өнүктүрүү кеңешинин жыйынында, Шайлоо укугу боюнча коомдук россиялык институттун жетекчиси Игорь Борисов, айрым кишилердин белгисиз максатта Орусиядагы видео көзөмөл системаларынын жардамы менен орус жарандарынын сүрөттөрүн чогултканын билдирди.

Борисовдун бул маалыматы боюнча орус лидер: «Сүрөттөр мейли бирок өлкөнүн жалпысында биоматериал чогултулганын билесиздерби? Анын үстүнө ар түрдүү этникалык топтор жана Орусия Федерациясынын ар кайсы жерлеринде жашаган адамдардан алып жатышат. Муну эмне үчүн жасап жатышат? Негизги суроо ушул. Муну атайылап жана профессионалдуу түрдө жасап жатышат. Биз мына ушундай чоң кызыгуунун бутасындабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар