Аракандык качкындар Бангладешке барууну улантууда

БУУму аракандык мусулмандардын санында төмөндөөнүн болгондугу байкалгандыгына карабастан баш калкалоочу агымынын улантылып жаткандыгын билдирди.

838052
Аракандык качкындар Бангладешке барууну улантууда

БУУму 25 -  августтан бери Мьянмадагы абалдардан качып Бангладешке баш калкалаган аракандык мусулмандардын санында төмөндөөнүн болгондугу байкалгандыгына карабастан баш калкалоочу агымынын улантылып жаткандыгын билдирди.

Эл аралык миграция уюмунун катчысы Жоел Миллман БУУнун Женева офисинде өткөрүлгөн пресс жыйында 25 -  августтан бери Мьянма армиясы жана фанатик буддисттердин кол салуусунан качкан 607 миң аракандык мусулмандын Бангладешке жеткендигин белгиледи. Миллам : «Сандын азайганына карабастан адамдар Кокс-Базардагы убактылуу отурукташуу аймактарына күн сайын келүүнү улантууда. Аймактагы лагерлердеги аракандыктардын саны жалпы 820 миңге жетти»,- деди.

БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгынын катчысы Бабор Балох да : «Аракандык баш калкалоочуларды ташыган кеменин эрте менен эрте сааттарда Бенгал булуңунда чөгүшү менен 4 кишинин каза болушунан терең кайгыбызды билдиребиз»,- деди. Балох 15 жаштагы бир баланын окуя болгон жерде, 3 качкындын да ооруканага алып бара жатканда каза болгондугун белгиледи.

Катчы Балох жараланган 19 кишинин да жергиликтүү ооруканаларда дарыланып жаткандыгын билдирди.

БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгынын кызматкерлеринин кырсыктан кийин аймакка барып тирүү калгандарга медициналык, тамак – аш, жууркан жана кийим  - кече жардам бергендигин билдирген Бабор Балох көргөн күбөлөрдүн айтканына караганда кемеде 6 үй  - бүлөдөн 42 кишинин бар экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар